Бишкектин Октябрь райондук соту Икрамжан Илмияновдун ишин карай баштайт

Мезгил

Бүгүн, 31-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту Икрамжан Илмияновдун ишин карайт. Бул тууралуу  анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев кабарлаган.

Илимяновго козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлгөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 3-июлда билдирген.

Маалыматка караганда, Илмиянов алдамчылык жолу менен 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алганы үчүн айыпталып жатат. Тергөөнүн жыйынтыгына ылайык, Илмиянов Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (“Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык”) боюнча кылмыш жасаганы тууралуу маалымдалган.

Эске салсак, Илмиянов экс президенти Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары таанымал. Ал 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ал учурда Бишкектеги УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Илмиянов мамлекет башчынын кеңешчиси жана президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болгон. 

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *