Мезгил
Бишкектин түштүк райондорунда жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, чектөөлөр 6-кичи райондо бүгүн киргизилди.
Көп кабаттуу үйлөрдөн тышкары, жылуулукту берүү №56 мектепте жана №44 бала бакчада токтотулду.
Ысык сууга чектөөнүн тиешеси жок. .
Жылуулукту берүү бүгүн кечки саат 4кө жакын жанданат.
Чектөөлөр калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.
Булак: Мезгил Ньюс