Бишкектин жаңы мэри август айында шайланабы?

Мезгил

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, Бишкек шаарынын мэри август айынын башында шайланышы мүмкүн.

 Маалыматка ылайык, мэрди отставкага кетирүү боюнча өкмөттүн чечими расмий келип түшкөндөн кийин 10 күн аралыгында шайлоонун датасы жарыяланат.

Ал эми добуш берүүнүн өзү 20 күн ичинде өтөт. Мындай эсеп менен шайлоо болжолу августтун 10доруна чейин болот.

Белгилей кетсек, Албек Ибраимовду кечээ премьер-министр отставкага кетирип, ушул эле күнү ал кылмыш иши боюнча камакка алынды.  

Булак:Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *