Биз байкабаган өрүктүн көп дарылык касиети бар

Мезгил

Миң жылдык тарыхы бар өрүк эң биринчи Орто Азияда, анын ичинен Арменияда өстүрүлгөн. Андан кийин Грецияга, Кытайга андан Иран, Италия өлкөлөрүндө эгилип баштаган. Дүйнө жүзүндө өрүктүн 50дөй сорту бар жана эң белгилүү сорттору “Кандек”, “Курмайы”, “Курсадык”, “Мурсанжал” деген жана башка  түрлөрү Кыргызстанда өстүрүлүп келет.

Окумуштуулар анын ден соолукка зор пайдасы бар экенин жана ал өмүрдү узартарын далилдешкен. Анын курамында 11% углевод, 1,3% кислота, 1,6 % каротин А, Е, С жана башка витаминдери бар. Адистер жүрөгү ооруган, астмасы бар адамдар бул жемишти күнүнө жок дегенде 10 дана жеп турууну сунушташат. Ошондой эле өрүктүн курамында  кальций, темир, фосфор, калий заттары бар. Ал ашказан жарасы, бөйрөктө ташы бар адамдарга жакшы жардам берет жана чарчоону тез жазып, өттүн иштөөсүн жакшыртат. Медиктер жаңы кургатылган өрүк эркектерге да пайдалуу азык экенин айтышат. Ал бел кубатын жогорулатат. Кырк жаштан ашкан аялзатынын организминде эстроген азаят ошондо күнүгө беш алтыдан өрүк жеп турса, ошол жок болгон эстрогендин ордун басат.

Мунун курамында кант көп болгондуктан кант диабети менен жабыркаган адамдарга көп жегенге болбойт.

Өрүктүн косметологияда колдонулушу

Өрүк косметологияда кеңири колдонулат. Бул жемиштен жасалган маска бардык типтеги териге да жарайт. Ал бетти жумшартып, серпилгичтигин жогорулатат жана бырыштардын азайтат. Ал үчүн өрүктү алып аны эзип ага зайтун майынан бир чай кашык кошуп аралаштырып, бетке жана моюнга 20 минут коюп, убакыт болгондо жылуу суу чайкап койсо болот. Айрыкча кургак терилерге жакшы. Ошондой эле анын майы косметологияда кеңири колдонулат. Кечинде уктаарга жакын анын майын көздүн тегерегине сүйкөп койсо,  майда бырыштарды кандайдыр бир деңгээлде жазат.

Ашканада колдонулушу

Бул жемиштен түрдүү кыям, ар кандай таттууларды, мармелад, шербет, шараптар даярдалат. 

Өрүктөн жасалчу кыям ал үчүн бир килограмм өрүккө 500 гр кумшекер  кошуп, сиңгенден кийин ширеси чыкканча 15 минут кайнатуу керек. Кайнагандан кийин отту өчүрүп эки саат аны “эс алдырып”, андан соң дагы 30 минут кайнатканда даяр болот.  Эгерде өрүктөн шербет даярдаймын десеңиз бир литрдик банкага жарымынан көп өрүк салып суу куюп, 15 мүнөттөн кийин суусун кайра төгүп, эки кашык шекер салынат. Үстүнө дагы кайнатылган сууну куюп, банканын оозун жаба берүүгө болот. Даяр болгон соң банканы көмкөрүп, жылуу материал менен жабуу абзел. Көмкөрүп койгондо анын ичиндеги өрүк менен шекердин жакшы аралашуусуна жардам берет.

Булак: Мезгил ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *