Мезгил
Октябрь райондук сотунун чечими менен блогер Элмир Сыдыманов (Sydyman) №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында ал 2 ай камакта болот.
Элмир Сыдыманов Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча 17-февралда камакка алынган болчу.
Белгилей кетсек, Сыдыман аттуу блогердин социалдык тармактарда “Оштуктар жакпайсыңар” деген мааниде видеосу тарап, коомчулукта талкуу жараткан.
Мезгил ньюс