Мезгил
Блогер Сыдыман үй камагына чыкты. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 28-февралда чыкты.
Белгилей кетсек, Элмир Сыдыманов Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча 17-февралда эки айга камакка алынган болчу.
Анын апасы баласынын атынан кечирим сурап, президентке кайрылуу жолдогон.
Мезгил ньюс