Болсунбек Казаков үй камагына чыкты

Мезгил

Абакта жаткан Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, Болсунбек Казаковду Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту үй камагына чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Болсунбек Казаков мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык экени айтылып жүргөн коттеждердин сатылышына байланыштуу кылмышка шектелип 2018-жылдын 10-апрель күнү камакка алынган.

Өз кезегинде Болсунбек Казаков Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылыктан кетип, анын ордуна Сапар Исаков келгенден кийин абал түп тамырынан өзгөргөнүн айтып чыккан.

 -Фонддун алдына мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу үчүн бардык тийиштүү чараларды көрүү милдети коюлган. Биз өкмөттүн ишенимин актоого бардык күч-аракетибизди жумшадык. Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги алдында жакшы жыйынтыктарга жетиштик.

 

Мамлекеттин карамагына конфискацияланган 105 обьект өткөрүлгөн. Дагы бир обьект карызды төлөө иретинде алынган. Ал убакта план 2,2 миллиард сомго түзүлгөн болчу, а биз бул аракетибиз менен 8, 3 миллиард сомго бюджетти толтурдук, – деди Казаков. 

Анын айтымында фонддун коррупция менен күрөшүү аракетин Сапар Исаков колдоого алган эмес, тескерисинче, тоскоолдук жасаган.

“Мени жана Бакыт Мураталиевди кызматтан алды. Корруциялык схемага каршы ишенимдүү аракетибизди ошентип баалады”, – деп белгилеген Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси. 

Эске салсак, 2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттедж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз «ВостокТехКомплект» компаниясы уткан.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *