Мезгил
Өлкөдө жакынкы арада электр энергиясы жана жылуулук үчүн тарифтер жогорулатылбайт. Бул тууралуу КСДП фракциясынын отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан бекитилген тарифтердин мөөнөтү соңуна чыккандыктан, алар кайрадан түзүлөт.
Тариф саясаты кайра каралып чыгат, бирок баалар жогорулатылбайт, — деди Боронов.