Мезгил
Жолду кеңейтүү үчүн Ботаникалык бактагы дарактар кыйылат. Бул тууралуу Бишкек мэрисынан билдиришти.
Маалым болгондой, учурда атайын түзүлгөн комиссия жеринде тактоо иштерин жүргүзүп жатат, анын жыйынтыгы менен канча бак кыйыла турганы белгилүү болот.
Эске салсак, мындан эки жыл мурда да ордо калаадагы Алиаскар Токтоналиев жана Горький көчөлөрүндөгү Ботаникалык бактын четиндеги дарактар жолду кеңейтүү максатында кыйыла баштап, активисттердин каршылыгынан кийин токтогон.