Бозумчак кенинде иштегендер оор дартка чалдыгышууда, казак компания компенсация төлөгөн жок

Мезгил. 

Ала-Бука районундагы Бозумчак алтын кенин казакстандык “Казакмыз” компаниясы иштетип келет. Акыркы убакта алтын кен жергиликтүү элдин нааразычылыгын жаратууда.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.

Айтымында, бир катар депутаттар Ала-Бука жана Чаткал райондоруна барып келишкен. Чаткал районунда алтын кени боюнча 150дөн ашуун лицензия берилген, учурда анын 10 чактысы иштеп жатат. Бирок, ага карабай райондун социалдык маселелери чечилген эмес.

Ал эми Бозумчак алтын кенинин кесепетинен жергиликтүу эл арасында оор дартка кез болгондор көбөйүүдө. Жакында айыккыс дартка кабылган жаш жигитке депутаттар жардам колун сунушкан. Бирок, дартты жеңүү мүмкүн болбой, жигит көз жумду.

“Алабукалык дагы беш жигит оор дарт менен азыр ооруканада жатышат. Аларга “Казакмыз” компенсация төлөп беришкен жок. Компанияларды эркелете бербей, биздин мыйзам менен иш алып баруусун камсыздабайлыбы”, – деди депутат.

Өкмөт өкүлдөрү аталган эки райондогу алтын компанияларынын иши көзөмөлгө алынаарын убадалашты.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *