Мезгил
Бразилияда абактан 100дөн ашык туткун качып чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Анда айтылгандай, алгач куралчан топ адамдар абактын дарбазаларын жардырып, күзөт кызматындагыларга ок чыгарган.
Жыйынтыгында бир аскер адамы оор жаракат алган. Орун алган баш аламандыктан пайдаланып эркинен ажыратылган 105 адам качып кетүүгө үлгүргөн.
Аларды издөө иштери уланууда.
Булак: Мезгил Ньюс