БШК: Текебаевдин мандаты кайра кайтарылбайт

Мезгил

Кыргызстанда депутат мандатынан ажырагандан кийин кайрадан мандаты кайтарылабы? Акыркы күндөрү бул суроого жооп издегендер көбөйдү. Анткени, “Ата-Мекен” партиясынын абактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин соттук иши аяктаса, “кайрадан мандаты берилиши керек” дегендерге Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов жооп берди.

– Камактагы мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин мандаты кайра берилбейт. Ал мыйзамда депутаттык ыйгарым укуктары токтотулган депутаттарга карата кайра мандатын алуу жоболору каралган эмес – деди Бекматов.

Ошондой эле депутат мандатынан ажыратылгандан кийин кыска мөөнөттө гана доо арыз менен кайрыла алат. Андан өткөндөн кийин арыздар каралбайт. Мындай учурда кайра мандат берилбесин кошумчалады БШКнын тарйымынын орун басары.

Ал эми «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Текебаевге карата соттордун «күнөөлүү» деген айыптары жокко чыгарылганынан соң, Текебаев учурда айыпталуучу гана болуп калат. Андыктан Конституцияга ылайык мандаты берилиши керектигин билдирди.

Белгилей кетсек, “Ата-Мекен” партиясынын абактагы лидери жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароону 29-августка белгиленди. Жактоочулар камактагы саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, сотко кайрылышкан. Сот эми саясатчылардын бөгөт чарасын кароо менен башталат.

Ошондой эле, Жогорку сот 21-августта Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайлар менен карап, мурдагы чечимдерди барын жокко чыгарган. Ал эми иш Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

Эске салсак, Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан  кесилген.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *