Айбек Мырза: “Жерүй” мамлекеттин кызыкчылыгына чечилиши керек. Биз аягына чейин күрөшөбүз!

Мезгил

Биз “Жерүй” мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына чечилиши керек деп эсептейбиз. Жана бул үчүн аягына чейин күрѳшѳбүз! Мындай пикирин  Элдик курултайдын ѳкүлү Айбек Мырза билдирди.

Анын айтымында Кыргыз мамлекеттине каршы келген келишимди колдогондор, эптеп элдин кѳңүлүн буруш үчүн “Жерүй” маселесин кѳтѳргѳндѳрдү жамандап, каралоо аракеттин кѳрүп жатышат.

-Мен мындай кѳз караштагы адамдарды кѳйгѳйдү терең түшүнбѳгѳндѳр, же маселени билбей туруп “Жерүйдүн” жактоочулары болуп алгандар деп билем. Анткени “Жер үй” алтын кенинде мамлекеттин кызыкчылыгы каралган эмес. Биз “Жер үй” мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына чечилиши керек деп эсептейбиз. Жана бул үчүн аягына чейин күрѳшѳбүз.

 

Мына ушундай айрым “жактоочулар” коррупциялык болобу, Кыргыз мамлекеттине каршы келген келишимди колдоп, элдин кѳңүлүн буруш үчүн “Жерүй” маселесин кѳтѳргѳндѳрдү жамандап, “бул саясатчылар дивиденд алганды көздөп жатышат” деп эптеп жаманатты кылып, каралоо аракетти-деди  Айбек Мырза.

Буга чейин Азамат Акенеев массалык маалымат каражаттарынын бирине  “Кайсы бир топтор “Жерүйдүн” иштешине каршылык көрсөткөндөй болуп, өздөрүнө дивиденд алганды көздөп жатышат. Бул кадимки эле шантаж, эмнеге анда алар “Жерүйгө” лицензияны берерде унчугушкан эмес? Инвестициялык көз караш менен алып караганда, азыр “Жерүй” “Кумтөрдөн” да маанилүү болуп турат. “Жерүй” көлөмү боюнча “Кумтөрдөн” кичирээк болгону менен Кыргызстандын мыйзамы менен иштейт, “Кумтөрдөн” чоң айырмасы ошондо-деген пикирин билдирген.

Эске салсак, 2015-жылы кыргыз өкмөтү Жерүйгө жаңы аукцион жарыялап, соңунда орусиялык “Востокгеолдобыча” компаниясы жеңген.

Бул компания “Орус платинасы” ишканасынын түзүмүнө кирет. Башкача айтканда, алтын кенди иштетүү укугу орус олигархы Муса Бажаевдин ишканасына берилген. Андагы келишимге ылайык, бул ишкана кыргыз өкмөтүнө 100 млн. доллар төлөп берген.

Келишим боюнча Жерүйдө Кыргызстандын бир пайыз да үлүшү жок.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *