БУУ: Кыргызстан Акыйкатчыны шайлоодо ачык-айкындуулукка басым жасоосу кажет

Мезгил. 

БУУнун Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча Жогорку комиссар Башкармалыгынын аймактык бөлүмү Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоого көңүл бурду.

“Кыргызстан акыйкатчыны шайлоодо ачык-айкындуулукту камсыздоосу керек”, – деп билдирди аталган бөлүм.

“Акыйкатчы кандай ыкма менен шайланса, институттун андан аркы ишмердүүлүгү ошого жараша болоору бышык. Кыргызстан ушул абалдан пайдаланып, кызыккан тараптардын баарынын катышуусу менен кеңири жана ачык шайлоону камсыздашы керек”, – деген аталган бөлүмдүн жетекчиси Ришард Коменд.

2012-жылдын март айында Глобалдуу альянс Кыргызстандын Акыйкатчы институтун эларалык стандарттарга жарым-жартылай жооп берет деп тапкан. Ошондо акыйкатчыны жана анын орун басарын шайлоодо ачык-айкындуулук жетиштүү сакталбай турганы айтылган.

Мыйзам боюнча, акыйкатчыны парламент шайлайт. Ар бир фракция үчтөн көп эмес талапкер чыгарып, жалпы парламент добуш берет. Көпчүлүк добушту алган талапкер өлкөнүн башкы укук коргоочусуна айланат.

Буга дейре бул милдетти аркалаган Кубат Оторбаев өз каалоосу акыйкатчылыктан кеткен.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *