Быйыл алты ай ичинде салык кызматынын 15 кызматкерине жаза берилди

Мезгил

Быйылкы жылдын алты айында Мамлекеттик салык кызматы жарандардын кайрылуулары боюнча 15 кызматкерине жаза берип, тогуз салык төлөөчү салык мыйзамын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган.

Ведомствонун маалымат  кызматы билдиргендей, салык кызматына жалпы 86 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Алардын ичинен 23 билдирүү электрондук почта аркылуу,  30 жазуу жүзүндө ,  31и телефон аркылуу массалык маалымат каражаттары аркылуу эки билдирүү келген.

Түшкөн арыздардын 35и салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 20сы ишкерлердин салык мыйзамдарынын ченемдерин сактабагандыгы,  калганы ар кандай маселелер боюнча болгон. 

Кабыл алынган тийиштүү чаралардын жыйынтыгы боюнча ар кандай жаза-чарасы колдонулган.

Маалыматка караганда, жыл башынан бери МСКнын жетекчилигинин жеке кабыл алуусунда отуз тогуз жаран болгон жана алардын ичинен 21 адам жеке маселелер боюнча, он беш салык мыйзамдарындагы маселелер боюнча жана үч адам кадрдык маселелер боюнча кайрылышкан.

Салык кызматынын системасында жарандардын кайрылууларын ыкчам жана өз убагында кароо максатында, 61-31-89 номери аркылуу , электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн info@sti.gov.kg электрондук дареги ишке киргизилип, “коомдук кабыл алуу” кызмат көрсөтөөрүн МСК эскертет. Бул жарандарга ыңгайлуу болгон – жазуу, оозеки жана электрондук форманын каалаган түрүндө кайрылууга мүмкүндүк түзмөкчү.

Мындан тышкары жарандар салыкчылардын иш аракеттерине гана эмес, салык мыйзамын бузуу менен өз ишмердигин жүргүзгөн ишкерлерге карата да даттана алышат.

Ал эми арыздар жана кайрылуулар боюнча МСК тийиштүү чара кабыл алуу үчүн кызматтык иликтөө, текшерүү, рейддик салыктык контроль жана хронометраждык иликтөө жүргүзөт.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *