Быйыл Кыргызстанга келген туристердин саны 600миңге көп

Мезгил

Быйыл Кыргызстанга келген туристердин саны өткөн жылга караганда  600 миңге көп. Бул тууралуу маалымат жыйынында Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирген.

Анын айтымында, ушул жылдын аягына чейин өлкөгө 7,6 млн. турист келери күтүлүүдө. Былтыр  2018-жылы Кыргызстанга келген туристердин саны 7 миллион болгон.

Жыйында “2019-жылы чет элдик жарандардын саны 27%га же 433миң кишиге көп болгон, Дагы жети өлкөгө визасыз режим киргизилген. Кыргызстанга 52 мамлекеттен визасыз келе алышат.”, – деди ал.

Ошондой эле быйыл туристтерди тартуу үчүн жакшы шарттар түзүлүп,  стратегиялык программа кабыл алынып, анын алкагында маркетинг планы түзүлүдө.

 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *