Быйыл Өзбекстанда шайлоо өтөт

Мезгил

Өзбекстанда парламенттик, облустук, шаардык жана райондук кеңештерге шайлоо өтөт. Шайлоо 2019-жылдын 22-декабрга белгиленди. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирзо-Улугбек Абдусаломов чет элдик басылмаларга билдирген.

Тактап айтсак, Өзбекстанда расмий түрдө катталган беш саясий партия шайлоого катышат. Алар: «Адилет» социал – демократиялык партиясы, “Либерал” – демократиялык партиясы, “Улуттук кайра жаралуу” – партиясы жана “Элдик демократия” партиялары ат салышат.

Орто эсеп менен Өзбекстандагы парламенттик шайлоого 21 миллион шайлоочу 150 эл өкүлүн шайлоо үчүн өз добуш беришет. Ошондой эле, шайлоого 40тан ашуун өлкөдөн 300гө жакын байкоочу көз салаары белгиллүү болду.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *