Мезгил
Быйылкы ажылыктын орундары региондор боюнча бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Маалым болгондой, квоталар калктын санына жараша берилип, бирок айрым жерлерде алар толбой калган.
Натыйжада ашкан орундар аларга тартыштык сезилип калган облустарга кайра бөлүштүрүлдү.
Жыйынтыгында, эң көп орун Ош облусунда – 996.
Экинчи орунда Чүй региону турат – 699 орун.
Үчилтикти Бишкек шаары жабат – 570 адам.
Ош шаарына 219 квота тийди.
Эң аз каалоочулар адаттагыдай эле Нарын облусунда болду, болгону 86 адам.
Сауд Арабиясына ажылык сапар жайында башталат.