Былтыр аткаруучу катары кайсы ырчы эң көп сый акы алганы айтылды

   Мезгил

   Учурда Жогорку Кеңеште салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам каралууда.

Жыйында депутат Сайдулла Нышанов фонограмма боюнча кандай  өзгөрүүлөр болуп  кандай киреше болуп жатат деген суроону  өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар Мамлекеттик кызматынын төрайымы Динара  Молдошевага берди.

-Фоноргамма автордук укук жөнүндө бизге карайт. Ал жерде кыргыз патент авторлор менен келишимдерди түзүп алардын атынан автордук сборлорду чогултат. Ошолорду биз теледен, театрдан  кафе,  ресторандан же мейманкаларда  композиторлордун музыкалары чыкса, биздин аткаруучулардын,  автордук сый акыны чогултуп ошол аткаруучуларга, ырчыларга композиторлорго бөлүп беребиз-деди ал.

Ошондой эле эл өкүлү  эң көп сый акы алган кайсы ырчылар экендигине кызыкты.

Молдошева былтыркы жылдын статикасы боюнча ырчы Мирбек Атабаеков, Бек Борбиев  аткаруучу катары эң чоң сый акы алган.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *