Мезгил
Кыргызстан бюджети коррупциядан 6 миллиард 706 миллион сом зыян тартты. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бул 2018-жылга салыштырмалуу 451 миллион сомго көп.
5,5 миллиард сом мамлекетке кайра өндүрүлүп берилген. Былтыр Каржы полициясы коррупцияга байланыштуу 915 кылмыш ишин сотко чейинки өндүрүшкө каттады.
Мезгил ньюс