Мезгил
Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун төрөт үйүндө жаш келин көз жумду. Бул маалыматты Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 17-февралда саат 18:00 чамасында нөөмөт бөлүмгө №6 төрөт үйүндө жаш эне каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, каза болгон келин 2001-жылы туулган Ж.Э. экенин аныкташты. Маркум мындан 3 ай мурун эки эм төрөгөнү маалым болду.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 152-берене (медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Мезгил ньюс