Чүй кланы талкаланды, бул үчүн Атамбаевге рахмат!

    Мезгил

Тарыхка азыноолак кылчайсак бийлик, мансапка жетүү үчүн тээ эзелтеден эле ачык да, көмүскө да күрөш жүрүп келиптир. Бай-манап, бий, хандардын бул боюнча жасаган иштери тууралуу түрдүү кептеп, уламыштар айтылып калган. Бири элди эзген болсо, бири адилет башчы болгон. Тээ мурда деле элди башкаргандар пикирлеш, ымаласы келишкендер менен биригип топ түзүшкөн. Алар негизинен уруу жакшыларынан же башка уруулардагы союздаштардан куралып турган.

Союз убагында бул аракеттер жердешчилик мүнөз алган. Коммунисттердин узун укуругуна карабастан бийликке келгендер айланасына таеке-жээн, амеки-тууган, жердештерин кошо ала келген. Менимче бийлик формуласынын кыргызча варианты, же өзгөчөлүгү ушунда болсо керек.

Союз тараганда бул жашыруун топтор аракеттерин ачык эле жүргүзө башташкан. Жогорку эшелондогулардын жердешчилик принциптери клан деген жаңы сөз менен алмашкан. Маселен, Акаевдин тушунда бийликтин ар кайсыл бурчун солк эттирбей бийлеп турган Чүй, Талас, Нарын, Көл жана түштүк кландары болуп турган. Маселен, Чүй кланына Апаз Жумагулов, Медеткан Шеримкулов, Болот Жанузаков ж.б. кирген. Ал кездеги клан деп аталып, бир топко бирикендердин арасында ачык пикир келишпестиктер болгондугун, бири-бирине каршы чыккандыгы тууралуу мисал табуу кыйын.

Түштүктүн өкүлү катары таанылган Бакиевдин бийликке келиши менен клан түшүнүгү солгундаган. Бирок жоюлган эмес. Кызыкчылыктары келишкен топтор бийликке өз кишилерин сунуштап, кээде кызмат бересиң деп талап да коюп турушкан. Ошол эле кезде жер-жерлерден чыккан жаңы көз караштагы саясатчылардын толкуну пайда болгон.

Отунбаеванын утурумдук президенттигинин тушунда Талас кланы бийликке батыл аралашкандыгын айтышат. Булар башкалардан ынтымактуулугу менен айырмалана алышкан. Деген менен алардын көпчүлүгү Майрам апчесинин кадрлары эле.

Атамбаев Чүй жергесинен болгон менен аны Чүй кланына кошпогондор бар. Мунун толгон-токой себептерин ЖМК аркылуу жүргөн талкуулардан улам жакшы билебиз. Бул киши мурдатан салт болуп калган клан түшүнүгүнө чекит койду, тагыраагы аны талкалоого негиз берди десек туура болор. Мурда бийликке келгендер топтук, жердешчилик, же үй-бүлөлүк кызыкчылыктардын негизинде иш алып барган болсо, Атамбаев алардын баарын кечип, жеке керт башынын кызыкчылыгын баарынан жогору коё алды.

Кадр тандоодо кадрдык өсүү жолун тепсеп өтүп, кампачы, кагаз ташыгыч, шофёр, базарком, мугалим сыяктууларды каалаган кызматтарына коё баштады. Чүй жергесинен чыккан мыктылар Нариман Түлеев, Канатбек Исаев, Ходжимурат Коркмазов ж.б. камай баштады. Мунун кесепетинен Түлеев элдешкис душманга айланып, Атамбаевге каршы чүйлүк жердештерин жүрүшкө алып чыкмай болду. Канатбек Исаев Атамбаевдин айткан калптарынын бетин ачам деп Түркия менен Россияга тынбай каттап жатат. Партиялашы Иса Өмүркуловду «Мурмуркулов» деп келекеледи эле анысы жүзүн буруп кетти.

Кол тийбестикти алуу учурунда кош колдоп добуш берди. Темир Сариевди өкмөт башчылыктан шыпырып түшүп, Ысык-Көлдөгү жол, ат майдан боюнча, Бакиевдерге тиешелүү делген банкатардагы кутучаларды ачууга байланыштуу үн тасманы эскертип айласын кетирди эле, Сариев түлкүчөсүнөн мант берип, куйрук карматпай кача берди. Суудан кургак, тегирмен ташынан тирүү чыгып, Атамбаевге дурустап каршылык деле көрсөтпөдү.

Ушинтип Чүйдөн чыккан Атамбаев Чүй кланын тыркыратып чачып салды. Азыр булар бир муштумга бириге албай турушат. Деги эле клан, жердешчилик деген эски түшүнүктөрдүн жок болгону келечегибиз үчүн пайдалуу болор. Мамлекеттин келечеги үчүн жердешчилик, кландык жактан эмес, идеялык жактан маселен, мекенчил болуу аркылуу бириксек деген аруу тилегибиз бар.

Баса, клан деген сөздүн түшүндүрмөсүн кыргызча «Уикипедиядан» тукум, урук, уруулук топ деген мааниде окудум. Ал эми «Википедияда» кландын бир мааниси – уюшкан мафиоздук топ деп жазылып жүрөт.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *