Чүй милициясынын жетекчиси Курманкулов өтө оор абалда

   Мезгил.

Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин абалы өтө оор.   Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.  

Самат Курманкулов кечээки Кой-Таштагы атайын операциянын жүрүшүндө таш менен баш сөөгү жанчылып, комага түшкөн.

Ага чукул операция жасалып, учурда Бишкек шаарынын травматология жана ортопедия илимий-иликтөө борборунун реанимациясында.

 Эске салсак, кечээ, 7-августта кечинде Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Аскерлердин бири алган жаракатынан улам каза болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча ооруканада жаткандардын саны 48ге жетти.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *