Чүй облусунда бир нече жардырууларды көздөп жаткан террористер кармалды

Мезгил

Чүй облусунда бир нече жардырууларды көздөп жаткан террорчул уюмдун мүчөлөрү кармалды.Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, алардын арасында 5 чет элдик жана төртөө кыргызстандык.  

Былтыртан баштап алар Сирия жана Ооганстандагы согушчулдардын катарына жашоочуларды тартып, курал-жарак жана колго жасалган жардыруу заттары менен теракт уюштурууну пландап жатышкан.

Кылмыштуу топтун ичинде Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандары бар.

Алар өз мекенинде издөөдө жүргөндөр.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *