Чүй облусунда “Тонировка” рейди башталды.
Бул тууралуу региондун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, унаа айнектерин мыйзамсыз караңгылаткан унааларды аныктоо кечээ башталып, 12-мартка чейин созулат.
Эске салсак, рейддерди кайрадан жол инспекторлор жүргүзүүдө.
Буга чейин Бузуулар жөнүндө жаңы кодексте катачылык кетип, бул укук Унаа жана жолдор министрлигине жүктөлүп калган эле.
Жаңы эрежелер боюнча, унаанын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатуу үчүн айып 5,5 миң сомду түзөт.