Чүй облусунун аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев менен анын айдоочусунун сөөгү табылды

Мезгил

  Чүй облустук администрациянын аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев менен анын айдоочусунун сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнен  билдиришти.  

 Ал эми  Көкөмерен суусуна түшүп кеткен  унаадагы  калган жарандар табыла элек.  Ал эми издөө иштери бүгүн да уланат.  

Маалыматтарга караганда, дарыяга түшүп кеткен «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү автоунаада Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен келе жаткан. Азыр дагы үч киши изделип жатат. Алар Абдылдаевдин үй-бүлөсү экени айтылган.

Туугандарынын айтымында, машинеде беш киши (3 эркек, 1 аял, бир бала) бараткан. Алар акыркы жолу кырсык болгон аймакка жакын жерден телефондон байланышкан.

Молдакун Абдылдаев 2014-2018 президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *