Чүй облусунун аппарат жетекчиси Абдылдаев үй-бүлөсү менен дарыяга түшүп кетип дайынсыз болууда

Мезгил

Жайыл районундагы Көкөмерен суусуна айдоочусу, жүргүнчүлөрү менен түшүп кеткен унаа изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.   

Маалым болгондой, кечээ жалпы 93 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа чыккан эмес. Куткаруучулардан тышкары, сууга түшүп кетти деп болжолдонгон адамдардын туугандары да издөө иштерине тартылган. Унаада канча адам болгондугу милиция тарабынан такталууда.

Көкөмерен суусуна түшүп кеткендер Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү экени айтылууда. Муну Молдакун Абдылдаевдин кызы Надира, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев да тастыктаган.

Ушул жылдын 30-июнунда Кожомкул балбандын 130 жылдыгын белгилөө учурунда коомдук тартипти көзөмөлгө алган Жайыл райондук милициясына Көкөмерен дарыясына унаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат берилген.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *