Мезгил
Бишкекте Чүй проспектинин бир бөлүгүнүн курулушу белгиленген мөөнөткө чейин аяктабайт. Бул тууралуу капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, оңдоо иштерине зарыл материалдарды жеткирүүдө маселелер жаралды.
Учурда абал жөнгө салынганы менен, жолду колдонууга берүү мөөнөтү жылып калышы ыктымал экени айтылууда. Бирок, ага карабай адистер проспектинин Чыгыш-5 кичи районуна караштуу тилкесинде оңдоо иштерин 15-октябрга чейин аяктоого бардык аракетти жумшай турганын билдириши.