Мезгил
Чүй облусунда белгисиз адамдар куралдан ок чыгарып, 310 миң долларды уурдап кетишти.
Бул тууралуу региондун ички иштер башкармалыгы билдирет.
Маалым болгондой, оперативдүү маалымат бүгүн келип түшкөн. Беш-Күңгөй айылында «Тойота-Харриер» темир тулпарын сүзгөн «Субару-Форестер» унаасынан андан бир нече эркектер чыгып, 310 миң доллардан ашуун акча алып кетишкен.
Ок жараатынан жабыркаган жубайлар ооруканага жеткирилди, ыкчам-издөө иштери жүрүүдө.