Чала уйку мээнин активдүүлүгүн төмөндөтүп, эс тутумду начарлатат

Мезгил

Дүйнө жүзүндөгү саламаттыкты сактоо уюмдарынын кеңешинде сөзсүз 8 саат укташ керектигин айтып келишет. Өтө кыска уйку 6 саатка созулса, көпкө созулган уйку 9-10 сааттан ашык уктагандар айтылат. Албетте, аз же ашыкча уктаганда адамдын саламаттыгына зыян.

Уйкунун жетишсиздиги бир катар илдеттерге алып келиши мүмкүн. Беш миллиондой киши катышкан иликтөөнүн жыйынтыгында чала уйку диабетке, кан басымынын көтөрүлүшү, жүрөк, кан тамыр системасындагы илдеттерге, ашыкча салмакка алып келет.

Чала уйкунун зыяндуулугу

Дени карды соо киши деле бир нече түн катарынан чала уктаган болсо, диабет оорусуна кабылып, чала уйку организмдин кандагы глюкозанын деңгээлин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт.

Жетишсиз уйку иммунитетти төмөндөтүп, муну менен организм инфекцияларды бат кабыл алат.

Жети саатттан аз уктаган адамдардын иммунитети төмөндөп, алар жети саат же андан көп уктагандарга караганда сасык тумоого үч эсе көп кабылышат.

Чала уйку мээнин активдүүлүгүн төмөндөтүп, эс тутумду начарлатат.

Профессор О’Маранын изилдөөсүндө, токсиндик каражаттар күн бою мээге топтолуп, уйку учурунда жок болот. Эгерде жетиштүү уйку болбосо, сиздин абалыңыз «мээнин жеңил чайкалуусуна кабылгандай» абалды элестетет.

Уйкунун баскычтары

Биринчи баскычта – дем алуу акырындап, булчуңдар бошошуп, жүрөктүн кагышы жайлайт.

Экинчи, бир аз тереңирээк уйку, бул учурда уктап жатып, бирок сиз ойго болгондой абалды сезесиз.

Үчүнчү баскыч – терең уйку. Ойгонуу өтө кыйын болгон учур. Бул учурда организмдеги ар кандай активдүүлүк минималдык деңгээлде болот.

Экинчи жана үчүнчү баскыч жай уйкуга кирет, адатта бул мезгилде киши түш көрбөйт.

Иликтөөчүлөр нөөмөт менен иштегендер өтө аз жана туура эмес убакытта укташарын аныкташкан. Бул болсо ашыкча салмакка жана диабеттин көбөйүшүнө алып келе турган коркунучту пайда кылат.

Ал эми ымыркайлар суткасына 18 саат уктаса, өспүрүмдөр 10 саат укташы керек. Тилекке каршы өспүрүмдөр ноутбук, мобилдик телефондорго алаксып, мындан аз укташаары белгилүү.

Ошондой эле кофеин менен алкоголь дагы уйкунун сапатына жана узактыгына терс таасир тийгизет.

Күнүнө 6-7 сааттан ашык уктабаш керек.

 

Түшкү 11.00-1.30 арасында 20-30 мүнөттөй убакыт уктап алуу өтө пайдалуу.

 

Түндө 23.00 – 5.30 арасында милдеттүү түрдө укташ керек. Уйку үчүн эң сапаттуу убакыт – ушул убакыт болуп саналат.

 

Эртең менен туруп, түшкө чейин уктабаңыз.

 

Эч качан тоюп алып уктабаңыз. Тамакты уйкудан аз дегенде 3 саат мурун жегениңиз оң.

 

Кеч батып бара жатканда уктоого болбойт.

 

Уктаардан мурда денебиздин булчуң эттерин бошоңдотуу кажет.

 

Ызы-чуунун арасында, жаман жыт жыттанган жерлерде, өтө жумшак болбосо аңгыл-дөңгүл төшөктүн үстүндө уктабаңыз, себеби уйкуңуз канбай күнү бою чарчаңкы абалда болосуз.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *