Чалдовардагы таш бараң

   Мезгил

“Чалдовар” Чек ара көзөмөлдөп өткөрүү пунктуна жакын жерде “Мерседес” маркасындагы кичи-автобустун айнектери талкаланган сүрөтү социалдык тармактар аркылуу тарап жатат.

Көрсө УКМК кызматкерлери чек арада оперативдик иш-чараларды жүргүзүп жаткан учурда белгисиз топтун каршылык көрсөтүүсүнө кабылыптыр. Мындан улам УКМК кызматкерлери барган кичи автобус таш бараңга алынып, кызматкерлер жеңил жарат алышканы айтылууда.

Окуя болгон жерде укук коргоо кызматкерлери асманга ок чыгарган учурда таш бараңчылар из жашырууга үлгүрүшкөн. Окуя боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *