Чек ара чыры. Абибилла Кудайбердиев: Бул маселе чечилбесе чыр-чатак токтобойт

   Мезгил

Баткенде кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча кайрадан чыр чыкты. Бул биринчи жолкусу эмес. Буга чейин да бир нече жолу жаңжал чыгып, бирок маселе чечилбей келет. Ал эми 22-июлдагы окуядан 16 адам жабыркады. Биздин «Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал оор болуп турган учурда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулушу керек беле?» деген сурообузга мурдагы Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев төмөнкүчө пикирин билдирди:

– Өтө маанилүү маселе. Тилекке каршы чек арада болгон чатактар уланууда, анын кесепетинен көптөгөн карапайым эл эле жабыркап жатат. Бул чатактардын негизги себеби мамлекеттик чек аранын такталып бүтпөгөнү, демаркация, делимитизация иштери аягына чыкпагандыгына байланыштуу болууда. Ошолор бүгүнкү күнгө чейин чөң көйгөй болуп жатат, бул маселе чечилбесе анда чыр чатак токтобойт го. Кыргыздар деле, тажик туугандар деле бир метр жерин эч кимге бергиси келбейт.

Ал эми «Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга топтолуусу керекпи?» деген менимче, зарылчылыгы жок. Анткени чек ара маселесин камсыз кылуу бул өкмөттүн милдети. Маселени албетте алар чечүүсү керек – дейт мурдагы министр.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *