Чек ара чыры: Баткенге Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев учуп кетти

   Мезгил

  Кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяга байланыштуу Баткен облусуна Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев учуп кетти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.  

 Маалыматка ылайык, учурда чек арада абал салыштырмалуу тынч, атышуулар токтоду.

Чек арачылар кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иш алып баруусун улантууда. Ал эми Исфара – Ворух жолу дале жабык.

Эске салсак, кечээ кыргыз-тажик чек арасында куралдуу чатак чыккан. Ворух айылынын жашоочулары кыштактын кире беришине желекче орнотууга аракет кылышкан. Буга Аксай айылынын тургундары каршы чыгып, кайым айтышуу мылтыктан ок чыгаруу менен коштолгон.

Куралды кайсыл тарап колдонгону такталбайт. Алдын ала маалымат боюнча, 5 адам жабыркады. Исфара – Ворух жолу жабылган.

Эки өлкөнүн бийлик жана чек ара өкүлдөрү кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *