Чек ара чыры. Ырысбек Өмүрзаков: “Биз достук жолу менен чечебиз” деп бийликтегилер тажиктин сөзүн колдоп, кол куушуруп турбаш керек

Мезгил

Баткенде кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча кайрадан чыр чыкты. Бул биринчи жолкусу эмес. Буга чейин да бир нече жолу жаңжал чыгып, бирок маселе чечилбей келет. Ал эми 22-июлдагы окуядан 16 адам жабыркады. Биздин «Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал оор болуп турган учурда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулушу керек беле?» деген сурообузга журналист Ырысбек Өмүрзаков бул маселени Аткаруу бийлиги чечиш керектигин айтты:

– Жогорку Кеңеш чогулуп, аны талкуулап, кыйынсынып убакытты созушат. Ал маселени аткаруу бийлиги чечиш керек. Чечкиндүү чечим болбосо иш жүрбөйт. Эл дипламатияны пайдаланышы керек. Кыргыз бийлиги, кыргыз тарап өз кызыкчылыгын колдосо жакшы болмок. “Биз достук жолу менен чечебиз” деп бийликтегилер тажиктин сөзүн колдоп, колун куушуруп туруп бербеши керек. Мисалы, биздин кайсы мамлекетте жашап жатканыбыз да арсар. Президент бүт баарын чечкен парламенттик республикада жашайбыз. Мурун “Спасибо партии родной!” деп айтаар элек. Азыр биз орусча айткандай «Стали мелкими-мелкими, Спасибо козликам родным!” деп айтпаска айла жок – деди Ырысбек Өмүрзаков.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *