Чек ара чырынан жабыркагандардын арасында октон жараат алган 12 жаштагы бала бар

  Мезгил

Баткенде жаңжалдан жабыркагандардын арасында 12 жаштагы бала бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 12 жаштагы баланын колуна ок тийген. Ал учурда шок абалында болгондуктан, аты-жөнүн айта албай жатат. Жалпысынан, кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан   13 адам жарааттар менен ооруканага жеткирилген. Алар Лейлек райондук ооруканасында дарыяланууда. Экөөсүнүн абалы оор.

 Эске салсак, 14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Кечээ Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган. Анда Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *