Чек ара маселелерине тиешеси болуп келген 3 тажик “көзүрүнүн” баяны

 Мезгил

Жакында болуп өткөн чек ара чырында биринчи болуп тажик тарап Кыргызстандын “Максат” чек ара тозотуна, кийин ошол эле жердеги “Сай” чек ара тозотуна ок чыгарган. Ал жерде, тажик чек ара кызматкерлеринин арасында кандай кишилер бар эле? Бул конфликт учурунда тажик тараптын күч курамдарын кимдер жетектеп турушу мүмкүн эле? Эки тараптын сүйлөшүүлөрүнө Тажикстандын кандай белгилүү аскер кызматкерлери катышты? Ушул суроолордун тегерегинде кеп кылалы.

Генерал полковник – Ражабали Рахмонали

Куралдуу кагылышуу болгондон кийин алгач Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев менен Тажикстан УКМКсынын Чек ара кызматынын башкы командачысы Ражабали Рахмонали жолукту. Жолугушуу Тажикстандын Бабажон Гафуров районунун Калача айылында өттү.

Ражабали Рахмонали – генерал полковник. ЖМКдагы маалыматтарга таянсак алгач Казакстанда жана Россиянын Челябинск облусунда аскердик кызмат өтөгөн. 1992-жылы Дүйшөнбү шаарына которулган. Учурунда Элдик фронттун БТОго (Бириккен тажик оппозициясы) каршы күрөшкөн бир отрядынын командири болгон. Дүйшөнбү шаарын бошотуучулардын катарындагы жетекчилердин бири болгон.

1997-жылдан баштап Өзүнчө аба-десанты батальонунун командири. 1998-жылы Кожент шаарында болгон полковник Худойбердиевдин аракеттерине каршы активдүүлүгүн көрсөтө алган. Коженттин борборундагы Темир Малик мунарасын 4 күндүк тынымсыз согуштун натыйжасында багынткан. Анда Худойбердиевдин тарапташтары 400 чабуулчусу менен барымтадагыларды кармап, коргонуп турган. Салгылашта батальондун жеке курамынан 4 жоокер каза болуп, 33 жоокер жарат алган.

Эске сала кете турган нерсе полковник Худойбердиевдин согушкерлери Кыргызстандын Максат айылынан 10 чакырымдай алыстыктагы Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык айылынын этегине жана Кожент-Канибадам жолунун четиндеги Бешкент айыл аймагынын жүзүм талааларына тик учак менен келип түшүшкөн. Шаарга карай чабуулду ушул жерден, тажик тарапка өтүү аркылуу башташкан. Салгылаштын очогу кыргыз чек арасынан болжолу 12 чакырымдай ичери аймакта жүргөн.

1999-жылы Ражабали Рахмонали башкарган Өзүнчө аба-десанты батальону Тажикстандагы эң мыкты аскер бөлүгү болуп табылган. 2004-2013-жылдарда Тажикстан Улуттук гвардиясынын командири. 2013-жылдан тартып Тажик УКМКсынын биринчи орун басары, ТР Чек ара кызматынын командири болгон. Ал буга чейин кыргыз-тажик чек ара конфликтеринде бир нече жолу сүлөшүүлөргө катышып келген.

 Чек аранын сырын мыкты билген, Кыргызстанга кошуна айылда төрөлгөн, премьер-министр – Кохир Расулзода

17-сентябрда Мухаммедкалый Абылгазиев менен Баткендин Кызыл-Бел чек ара өткөрмө пунктундагы сүйлөшүүгө катышкан.

Кохир Расулзода (2007-жылга чейин Абдухокир Назиров болгон) 1961-жылы 8-мартта Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылы менен чектеш жайгашкан Согди облусунун Бобожон Гофуров районунун Хистеварз (мурунку аталышы Кистакуз) айылында туулган.

Хистеварз айылы Борбордуктун түндүк жагында жайгашкан. Эки айылды Кожент-Канибадам автожолу гана бөлүп турат. Айрым маалыматтар боюнча Хистеварз айылы СССР учурунда элинин жыштыгы жана көптүгү боюнча 2-орунда турган. Такталбаган маалыматтар боюнча бул айылда азыр 75 миңден ашуун калк жашайт. Ал эми тажик тарап калктын санын 45-50 миңдин тегерегинде дешет. Айыл 2 колхозго бөлүнүп, анда 3-4 мектеп, 2 гимназия, 1 мектеп интернаты, заманбап чоң стадион, мурдагы 1 консерва заводу, учурда бир нече цехтер, коомдук тамактануу жайлары, күн сайын иштеген чоң базар, 3 кабатуу оруукана ж.б. бар. Салыштырып айтканда бул айылда 4 сотых жерде 4 үй-бүлө жашап, калкынын саны боюнча 50дөн ашуун айылы бар Лейлек районунун жалпы калкынын санынын тең жарымынан ашып кетет.

Кохир Расулзода 1982-жылы Тажик Айыл чарба институтун бүтүрүп, “инженер-гидротехник” адистигин алып чыгат. 2000-2006-жылдары ТР суу чарба жана мелорация министри болгон. 2007-2013-жылдары Согди облусун төрагасы болуп туруп, 2007-2010-жылдары Тажикстан Жогорку Улуттук Кеңешинин жыйынына төраганын орун басары болуп шайланган. 2013-жылдан бери Тажикстандын премьер-министри болуп келет.

 Генерал – Шох Искандаров

Кыргыз күч структураларынын айрым маалыматтары боюнча Кулунду айылынын тушундагы чек арага – 150дөй тажик аскери, Максат айылынын тушундагы чек арага – 1 000ге жакын тажик аскери топтолуп, арасында талаа командири Шох Искандаров байкалды деген маалыматтар болгон. Бирок бул маалыматты тажик тарап четке кагып келет.

Шох Искандаров мурда Бириккен тажик опопзициясынын катарында согушуп келген. Тынчтык келишими түзүлгөн соң Тажикстандын чек ара кызматына келген. 1998-жылы Ходжент шаарындагы жогоруда айтылган полковник Махмуд Худойбердиевдин согушкерлерине каршы операцияны жетектеген. 1999-жылы Жилик-Көл районуна Чек ара отрядынын начальнинги болуп дайындалат. Ошол эле жылы Баткенге басып кирген согушкерлердин колуна түшүп калган жапон альпинисттери жана кыргыз милиционерлерин бошотуу операциясына катышкан.

2011-жылдан баштап Рашт аймагынын ИИБ начальнигинин орун басары кызматын аркалайт. 2013-жылдан баштап Өзбекстан менен чек арада жайгашкан Турсунзаде шаарынын ОИИБсын башкарат. Ал эми 2014-жылы Кыргызстан Шох Искандаров жана анын кол алдындагылар Ворух анклавында болгон атышууга катышып, андан эки тараптын 8 чек ара кызматкери жарат алган окуя боюнча тажик тарапка наразылык нотасын жолдогон. Анда да тажик тарап грантамёт менен кыргыз тарапты аткылаган. Окуя болгон жерге генерал Искандаров өзү келген. Ал кезде талаа командири башка облустун милиция начальниги болгондугуна карабай конфликт болгон жерде болгон.

2018-жылы декабр айында генерал Шох Искандаровду Баткен району менен чектеш Исфара шаарынын ИИБсынын начальниги кылып бекитишет. ИИБны генерал жетектеп калат.

Мына ушулардан улам Тажикстан чек ара маселесине олутту кирише баштагандыгын байкоого болот. Бир нече согушту башынан кечирген генералды чек арадагы шаар Исфара ИИБсына начальник кылып бекиткендиги, Лейлектин ылдыйкы зоонасына кирген айылдардын чегине атайын кызматтардын аскерлерин топтогону, сүлөшүүлөргө жергиликтүү маселерди, чек ара сырын мыкты билген кишилерди тарткандыгы эмнени каңкуулайт?

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *