Чек ара маселеси боюнча депутаттар эмне үчүн элден “жашыруун” токтом кабыл алышты?

      Мезгил

Өткөндө Максаттагы эки өлкөнүн чек арачыларынын куралдуу кагылышуусу болордон бир күн алдың Бишктеги атка минерлерге кулак кагыш кылып, Баткендеги Мадумаров кол койду деген жер тилкеси тажик тарапка өтүп кетсе Баткендин жарымы жана Лейлек райондору Кыргызстандын анклавына айланып калары тууралуу маселе көтөргөн топ митинг уюштуруп, бийлик өкүлдөрү менен жолугушкан эле. Анда Катраң айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы Сапарали Бөрүбаев жана Кулунду айыл кеңешинин депутаты Шайырбек Орозалиевдер ИИМге 2 сааттан ашуун сурак берип чыгышкан.

Аларга карата ИИМ «Рассалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» айыбы боюнча иликтөө жүргүзүү шылтоосун бетине карманып, суракка алышкан. 14-сентябрда Сапарали Бөрүбаев жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, Лейлек району жана Баткен облусунун үч айыл өкмөтү анклавда калып калуу коркунучунда турганын айткан. Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерге тажик тарап таш төгүп, пост курганы жатканын билдирген эле.

Бүгүн Жогорку Кеңеш Лейлек районунун Максат айылында болуп өткөн куралдуу чек ара кагылышы боюнча өкмөттүн берген маалыматынын негизинде токтом кабыл алды. Ал токтом “жашыруун” деген грифке ээ болуп, ачык таратууга уруксат берилбейт. Ага ылайык өкмөттүн аткарган иштери жалпысынан канаатандырарлык деп табылып, бир аз кемчиликтер белгиленген. Ошондой эле чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүү жагын колго алды деп жабык жыйын боюнча туюк билдирген маалымат тарады.

Өкмөт менен депутаттар элден эмнени жашырды?…

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *