Чек ара маселеси боюнча Өкмөткө талап коюлду (тизме)

Мезгил

Лейлектин Максат айылында кечөө болуп өткөн чек ара чырына карата Бишкекте чогулгандар Өкмөткө бир нече талап койгон кайрылуу жолдошту:

* Экс-губернатор Мамат Айбалаев башында турган аймак аксакалдары, ЖМК өкүлдөрү, коомчулук өкүлдөрү, активисттер, жергеликтүү кеңештин депуттатарынан турган мамлекеттик комиссия түзүлсүн:

* “Кант” авиабазасы Баткен облусуна көчүрүлсүн;

* ЖМК аркылуу так жана объективдүү маалыматтар берилсин;

* Кыргызстандан Тажикстанга, Тажикстандан Кыргызстанга Баткен облусу аркылуу өтүп жаткан аткезчиликтин бети ачылсын;

* Чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиянын иштери ачык жана так жүргүзүлүшү камсыздалсын;

* Баткен облусуна өзгөчө статус берилип, жаңы губернатор дайындалып, анын ыйгарым укуктары кеңейтилсин;

* Баткен облусунун жашоочуларына чек арадагы жерлер үй куруп жашоо үчүн бөлүнүп берилсин;

* Чек арага жакын тилкелерде суугат суу,  ичер суу, электр менен камсыздоо боюнча маселелер чечилсин;

* Талаш чек ара жерлердеги курулуштар токтотулсун.

Чогулган топ эгерде бул маселелерге Өкмөт мүчөлөрү 2 саатта жооп беришпесе Жогорку Кеңешке барарын билдиришкен.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *