Чек арадагы чыр: Кыргызстандын 3 жараны октон жаракат алды

Мезгил

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 3 киши жаракат алды. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, жабырлануучулардын биринин абалы оор, калган экөө Баткен облустук бириккен ооруканасында травматология бөлүмүндө жатышат.

Жабырлануучулардын үчөө тең октон жаркат алышкан. Жабырлануучулардын бири санына, дагы бири ийинине ок жеген.

Буга чейин эки өлкөнүн башчылары жана өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, абалды талкуулашкан.

Эске салсак,  кечээ Ак-Сай — Тамдык айланма жолду куруп баштаганда, Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары буга каршы чыгып, эки тарап бири-бирин таш бараңга алган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы эскертүү иретинде абага ок атууга мажбур болгонун билдирген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *