Чодуев да мурдагы министр Мурашев картөшкө сата албай кийип кеткен “кара гөлөштү” кийгени калды окшойт

Мезгил

Кант импорту жана чоң көйгөйлөр

2017-2018-жылдары бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Россия Федерациясында кантты импорттоонун шартына байланыштуу, шекердин баасы ички рынокто арзан болду. 2018-жылы ата мекендик заводдор өндүргөн шекер өздүк наркынан да төмөн болгон. Канттын дүң баасы, сатуудан алынуучу салыкты кошкондо орто эсеп менен 34-35 сомдон бааланган. Ошондой эле шекердин импорттолушу кант өндүрүшүнүн чыгашасынын 8-11% га көбөйүүсүнө алып келди. Бул ЕАЭБдин жана КМШ өлкөлөрүнүн алкагындагы эркин товар алмашууну эске алганда, канттын дүйнөлүк жана аймактык баасынын төмөн болушу ишканаларга кыйынчылыкты алып келүүсүн шарттагандыгы болду. Бул тууралуу өкмөт Евразия кант ассоциациясынын аткаруучу директору А. Бодин менен Ж. Раззаковдун жолугушуусунан кийин, кызылча өнстүрүүчү дыйкандардын алдында күнөөсүн жуу максатында, актангандай билдирүү таратты.

Жергиликтүү кызылча

Акыркы 2 жылда Кыргызстанда кант кызылчасынын аянты 3 эсеге көбөйгөн. Анын түшүмүн жыйноо боюнча айтсак, орто эсеп менен 185 миң тоннадан 570 миң тоонага чейин түшүм көбөйдү.

2016-жылдарга чейинки аралыкта Кыргыз Республикасында колдонулган канттын 80% импорттолуп, б.а. сырттан ташылып келинчү. 2016-жылы 67,7 миң тонна, 2017-жылы 102, 2 миң, 2018-жылы 122,2 миң тонна шекер өндүрүлүп, өлкөнүн керектөөсүн толук камсыз кылган. Биринчи жолу 19 миң тонна шекер экспорттолуп, бюджетке түшүшкөн киреше 19% жогорулады же 430 млн сомду түзгөн.

Дыйкандардын көйгөйүн ким чечет?

Кыргыз өкмөтү быйыл да дыйкандарды жыргаткан жок. Анын чобурдугунан пайдаланган “Кайыңдыдагы кант кызылчасын кабыл алуучу завод”, дыйкандардан кабыл алган кызылча түшүмүнө 40% нак акча менен эсептешип келген болсо, быйыл аны 28% чейин түшүрүп жиберди. Ал эми дыйкандарга өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болот деген “Кошой” кант заводунун деле ындыны өчкөн. Дабышы чыкпай келет.

Дыйкандар кызылча өндүрүүгө коротулган чыгашаларын актай албай жатышат. Анткени жерди айдап, үрөөн себип, багып-чоңойтуп, дарылап, анан жыйнап туруп, кезек күтүп, заводдун кабыл алуу пунктуна чейин жеткирүүдө бир топ чыгым тартышат. Ал чыгымдарды дыйкандар өз чөнтөгүнөн, айрымдары кредит алып, айрымдары кызылчаны сатсам карызымды берем деп таап келишет. Анан заводго барса тапшырган кызылчасынын 28 пайызын акчалай ала алат. Өткөн жылдарда 40 пайызын акчалай ала алышкан. Ал эми тапшыруу учурунда кызылчанын сортун жогорулатуу, таза салмакты көбөйтүү, накталай акчаны батыраак алуу боюнча ортомчулардын кызматын айтпай эле коёлу. Күрсүйгөн ортомчулар адамдын өлүмүнөн да пайда көрүп, бизнес жасагандан кайра тартышпайт. Ошентип дыйкан байкуш түтөгөн бойдон олтуруп калат. Ишенген кожом сен болсоң деп өкмөттү өкүртө тилдейт. Сыягы быйылкы Айыл чарба министри Чодуев да мурдагы министр Мурашев картөшкө сата албай кийип кеткен “кара гөлөштү” кийгени калды окшойт.

“Кайыңды Канттын” дыйкандардын демин суутканы

 “Кайыңды Кант” ишканасы 40 % акчанын 28 %га түшүрүлгөнүн “Бул убактылуу көрүнүш” деп калп айтып, дыйкандардын ындынын ого бетер өчүрдү. Сезон жүрүп аткан учурда кайдагы убактылуу көрүнүш. Эмне дыйкандар кызылча түшүмүн жазга чейин сактап, анан шартыңар “убактылуу” жакшырган учурда тапшырабы деген киши жок. Ошол эле учурда сырттан кум шекер өлкөгө ташылып келип жатат. Эгерде дыйкандардын көйгөйүн азыр чечпесек өлкөнүн айыл-чарбасы жана өндүрүшүнүн приориттеринин бири болгон кум шекер өндүрүүнү жоготуп аларыбыз бышык.

Шекер “мафиясы”

Сырттан ташылып келинип жаткан шекерлердин сапаты начар, татымы жок. А бизде өндүрүлгөн Кайыңды шекеринин татымы жогору болгон менен дыйкандарга натуралай берилип, кийин алардын колунан арзан сатып алып, пайда көргөн шылуундардын тобу бар. Биздин оюбузча ошол шылуун бизнесмендерди өкмөт өзү “кыршовать” этет окшойт. Анткени кара шекер деген башка өлкөлөрдө өтө баалуу, кымбат да сатылат. Мисалы 200 граммдык кадимки ак кант 45-50 сомго сатылса, ошол эле салмактагы кара шекерден жасалган кант 100 сомдон өйдө сатылат. Биздин Кайыңды шекеринин сапаты 100 сомдук шекерге жакын. Анан шылуундар муну африкадан ташылып келинди деп этикеткаларды чаптап коюшат. А биздикилер дыйкандарга натуралай таратып туруп, кийин алардын айлалары кеткен учурда колдорунан арзан, өз наркынан ылдый баада сатып алып, чет өлкөгө кымбат сатып, пайда табышат. Шекер бизнесиндеги көмүскө мафия өкмөттүн көмөгү менен ушинтип күн көрүп келет. А байкуш кызылча өстүргөн дыйканды ойлогон жан жок.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *