Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити өтүүдө

Мезгил

Бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий борборунда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын VI саммити башталды. 

  Саммитке Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия президенттери жана Венгриянын өкмөт башчысы келди. Мамлекет башчыларын президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Саммитти Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ачты. 

Белгилей кетсек, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши – бул заманбап түрк мамлекеттерин бириктирген эл аралык уюм. Анын негизги максаты мамлекеттер аралык ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө мамлекеттер катары — Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия саналат.

Быйыл Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешиндеги төрагалык Казакстандан Кыргызстанга өтөт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *