Чолпон- Атадагы жол кырсык

 Мезгил

Бул жол кырсыгы 7-июль күнү Ысык-Көл облусундагы Бактуу-Долоноту айылында болгон. Маалыматтарга караганда, кырсык Lexusи жана BMW 
X7 үлгүсүндөгү эки унаа  саат 4:30 чамаларында Чолпон-Атага анча алыс эмес жердеги айылда катталган. Окуя болгон жерден 3 адам жан берип, төртүнчүсү 9-июлга караган күнү ооруканада үзүлгөн. Бул тууралуу Саламатыкты сактоо министирлиги кабарлады.

Кийинчирээк бул кырсыкта ЖКтин депутаты  Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков да жаракат алып, оор абалда оорукана жеткирилгени маалым болгон.

Бишкектеги Ортопедия илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековдун айтымында Токобаевдин учурдагы абалы оор.“Токобаевдин  баш мээси жабыркап, жамбаш сөөктөрү сынып кеткен. Кырсык болгон күнү ал унаанын арткы отургучунда олтурган экен”- деп билдирди Жумабеков.Темирлан Токобаев Абжалиевдин кичүү баласы.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *