“Чуу” дегенделе чууга кабылган министр Каныбек Исаков

   Мезгил

          Кечээ жакында гана Билим берүү жана илим министри кызматынын ишин колуна алган жаңы министр Каныбек Исаков  “чуу” дегенде эле экинчи чууга кабылды. Дегенибиз ал буга чейин латын алфавитине өтүүнү колдой тургандыгын айтып, коомчулуктун сынына кабылган.

Ал эми  кечээ жакында эле тагыраагы мугалимдер күнүнө карата Ош шаарында иштеген 23 жаштагы мугалимдин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине ээ болгону боюнча коомчулукта   кызуу талкууга алынды. Аталган министрлик бул боюнча министр менен мугалимдин эч кандай тууганчылык жайы жок экендигин айтып актанышкандары менен коомчулукта ар кандай нааразы пикирлер жаралууда.

Ии баса, эсиңиздерде болсо буга чейин Маданият,  маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов биринчи иш күнүндө ырчы Самара Каримованы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын жетекчиси кызматына дайындап сынга кабылган. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *