“Чуу куйрукка” дагы бир “куйрук” жармаштыбы?

   Мезгил

   Манас» аэропортундагы 5 млн доллардын ызы-чуусуна Өмүрбек Бабановдун тиешеси бардыгы тууралуу маалымат сели каптады.

“Манас” эл аралык аэропорту” ААКсында мамлекеттин үлүшү – 79%ды түзөт. Андан оффшордук компаниялар аркылуу 5 млн доллар чыгарылып кеткен. Тергөөнүн маалыматына ылайык каражат “Жанарзат борбору” ЖАКсын сатып алуу аркылуу чыгарылып кеткен. Ошол кезде анын финансылык абалы начар болуп, банкрот болуу коркунучунун алдында турган. Келишим 2014-жылы аэропортту Албек Ибраимов жеткетеп турган мезгилде түзүлгөн.

 Банкрот болуу коркунучунда турган “Жанарзат борбору” ЖАКтын 100% үлүшүн “Манастын” жетекчилиги сатып алат. Алгачкы сунуш 2014-жылдын декабрында аэропорттун жетекчилигине Кипрдин жараны Е.К. атуу айыдан, «Ф.С.Л.» компаниясынан түшөт. Алгачкы баасы – 7 млн доллар деп сунушталат. Ошол кезде банкрот болуунун босогосунда турган ишкананын чыныгы баасы – болгону 100 миң сомго барабар эле.

Каржы полициясы маалымдагандай, бул коммерциялык сунушту кароо милдети аэропорттун юридикалык бөлүмүнүн башчысы Мирлан Бегалиев менен экономикалык-каржы дирекциясынын директору Жаңыл Абиковага тапшырылат. Алар “Жанарзат борбору” ЖАКтын ишмердүүлүгүн изилдеп көрүп, кылмыштуу келишимге барышып, жасалма кызматтык кат түзүп, ишкана кирешелүү экенин тастыктап, эч бир карызы жок экенин билдиришкен. Бирок ЖАК банкрот болоруна аз калган эле, карыздары активдерден кыйла ашып турган. Ага карабастан 2014-жылдын 25-декабрында аэропорттун директорлор кеңеши компаниянын 100% акция пакетин 5 млн долларга сатып алуу чечимин чыгарат.

5 миллион акчаны алуу учуру келгенде Б.А.Т. аттуу айым пайда болот. ЖМКда Б.А.Т. аттуу айым Бабанова Ая Токтогуловна, б.а. Өмүрбек Бабановдун бир тууганы деген маалымат пайда болду. Өмүрбек Бабанов Америкалык авиабазаны Акаевдин учурда тейлеп келген компанияга ээлик кылып келген.

2019-жылдын 30-сентябрында тескелип жаткан иштин алкагында, тергөө органдары “берилген мүлктү ири өлчөмдө коромжу кылуу” кылмышына шектелип, Мирлан Бегалиев кармалып, Бишкек ШИИБинин Убактылуу кармалуучу жайына киргизилген. Ал кийинки кезде “Манас” аэропортунун Бишкек филилалынын башчысы болуп келген. Ошондой эле Бегалиев белгилүү кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кудасы. Уулу Камчынын кызына үйлөнгөндүгү тууралуу маалмат калкып чыкты.

Ал эми 2014-жылдын декабрына карата “Манастын” директорлор кеңешинин курамы төмөнкүчө болгон:

1) Субанбеков Бакирдин Жамалович – директорлор кеңешинин төрагасы. Азыр “Бир бол” фракциясынан ЖК депутаты;

2) Пирматов Рахатбек Төлөбаевич – азыркы учурда “Манас эл аралык аэропортунун” директорлор кеңешинин төрагасы, ошондой эле Соцфонддун башкармалыгынын мүчөсү, Соцфонд алдындагы мамлекеттик каражат топтоо пенсиондук фондунун директору;

3) Нурматов Искандербек Мирзаевич – азыркы учурда 5 компаниянын ээси жана кош ээси: «ОШ-ТЕХНИКС» ЖЧКсы, «Центр Недвижимости» ЖЧКсы, «Барс Актив-Инвест» ЖЧКсы, «Ош-Технология» ЖЧКсы жана «АСКА-КЕН» ЖЧКсы.

4) Казанкапов Токтоалы Орозалиевич – азыркы учурда эки компаниянын жетекчиси: «ТАМДОС» ЖЧКсы (кош ээлик) жана Кызыл-Кыя универсал курулуш» ЖЧКсы. Мамлкеттик үлүшү бар компаниялардын директорлор кеңеши курамындагы кадрлар резервине кирет.

5) Алыбаев Жекшенбек Өмүрбекович – азыркы учурда «Манас авиасервис» ЖЧК инженерлик борборунун башчысы.

Ал эми ошол учурда башкармалыктын курамы төмөнкүчө болгон:

1) Ибраимов Албек Сабирбекович – 2014-жылдын декабрына карата башкармалыктын төрагасы. Азыр коррупция иштери боюнча айыпталып абакта.

2) Бусурманкулов Абдималик Бурканбекович –“Манас” аэропортунда өндүрүш боюнча башкармалыктын төрагасынын орун басары – инфракструктуралык өнүгүү дирекциясынын директору болуп турган.

3) Чукуев Эмир Майрамбекович–  2015-жылдын апрелинен 2018-жылдын декабрына чейин “Манас эл аралык аэропорту” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы болгон.

4) Токобаев Даир Султанович– учурда жеке ишкер.

5) Карыпбеков Илим Майрамбекович – 2015-жылдын мартынан 2019-жылдын мартына чейин КТРКнын башкы директору болгон.

 Учурда 5 миллион долларга байланшыкан иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы ийгиликтүү болуп, сыртка чыгарылып кеткен акча каражаттары өлкөбүздүн казынасына кайтарылып, күнөөлүүлөр жазасын алса экен.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *