Чуу жараткан Солтон-Сары кени. Кытайлык компанияга кенди иштетүүгө Атамбаев уруксат бергенби?

  Мезгил

  Кечээ, 5-августта Нарындын Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, андан  отуздан ашык киши жаракат алганы айтылды. Маалымтка ылайык, жаңжал «Zhong Ji Mining”  компаниясынын айланасында чыккан.  Бул чыр биринчи жолкусу эмес. Мындай чыр буга чейин да болуп келен. Былтыр май айында  Нарын районундагы Эмгекчил айылында жүздөй киши чогулуп, Солтон-Сары жайлоосуна алтын кен комбинатын курууга каршы чыгышкан. Аталган комбинаттын  зыяндуулугун иликтеп чыгыш үчүн комиссия түзүлгөн. Ага бийлик өкүлдөрү, кытай компаниясынын кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар дагы кирген.

 “Zhong ji Mining” компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган жана анын негизинде  былтыр  кен иштетүүчү комбинат курулмак. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылууда.

Ал эми Нарын облусунун Солтон-Сары кенинен анча алыс эмес жайгашкан үч айылдын тургундары кой-козунун жапырт кырылып жатканын билдиришип, алтын кенин иштеткен кытайлык «Zhong Ji Mining Company» кытай-кыргыз ишканасы ишин токтотсун» деген талап коюшууда.

 “Zhong ji Mining” компаниясы Эмгекчил айылына социалдык пакет катары 13 млн. сом берилээри айтылган.  Мындан сырткары айылдагы суу каналдын курулушуна буга чейин беш млн. сом которулган экен. Бирок мындай жардамга эмгекчилдиктер макул болушкан эмес.

Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, “Zhong Ji Mining Company кытай-кыргыз ишканасы” ЖЧКсынын жетекчиси Сюй Говэй, ал эми түптөөчүсү “Чайна Голд Гонконг Бучук Майнинг Компани Лимитед”. Негизги ишмердик түрү — табигый минералдарды жана тоо тектерин казуу.

Говэйге чейин Zhong Ji Mining Company ишканасын У.Сяоган жетектеген, ал эми 2014-жылдагы маалыматка караганда, фирманы Гао Чон Ронг башкарган.

Солтон-Сары кенин чалгындоо жана иштетүүгө биринчи лицензияны аталган компания 2008-жылы алган. Ал кезде Бучук тилкесин иштетүүгө уруксат берилген.  Төрт жылдан соң, тагыраагы 2012-жылы Zhong Ji Mining Company ЖЧКсына кендин үч тилкесин тең — Бучук, Ак-Таш жана Алтын-Төр участокторун чалгындоо жана иштетүүгө лицензия берилген. Ишкана аларды 2030-жылга чейин ижарага алган. Аталган кен-байлыкка ээлик кылган “Юр-Азия в Кыргызстане” компаниясы 2004-жылы катталган.

Бул  жаз айында чуулгандуу уран кенин казып баштаган компания. 2010-жылы компания алтын кенин чалгындоо өткөрүүгө уруксат алып, 2012-жылы геологиялык чалгындоого лицензия алышкан. Ал убакта Кайрат Жумалиев министр болуп турган. Компаниянын жүргүзгөн алгачкы иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча алар иш жүргүзө турган 1500 гектар жерде 10 тонна 52 кг алтын бар. Комбинаттын курулушу болсо 2018-жылга пландалган. Ишкана жерди убактылуу пайдаланыш үчүн 2030-жылга чейин мамлекеттен уруксат алган.

Ошол эле жылдын май айында аталган компания Кызыл-Омполдогу уран кенин чалгындоого дагы лицензия алып, ага министр Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы Чунуев лицензиялык макулдашууга кол коюп, мөөнөтүн узартып берген. Атамбаев президент болуп турганда акыркы жолу аталган кен-байлыкты казып иштетүүгө ошол кезде Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы Зилалиев  кол коюп, кенди иштетүүгө толук укук берген. 

Зилалиев камакка алынаар алдында анын белгисиз булактардан топтолгон банк ячейкаларындагы акчалары табылган. Зилалиевдин убагында эӊ көп лицензияларга кол коюлуп, экологияга жана мамлекеттин келечегине зыяндуу экенин билип турса дагы иштөөгө уруксаттар берилген.    

Маалымат үчүн: «Солтон-Сары» кени Бишкек шаарынан 355 км аралыкта, Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан. Балыкчыдагы темир жол бекетине чейинки аралык – 175 км, Бишкек- Торугарт трассасына чейин – 82 км. Кен – Бучук, Ак-Таш, Алтын -Төр деген 3 участоктон турат. Кен чыккан жердеги алтындын болжолдуу запасы 20 тоннага жакынды түзөт.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *