Чуусу бүтпөгөн министр Чодуев алдамчылыкка айыпталууда

  Мезгил

Айыл чарба министри Эркинбек Чодуевдин атына айтылган уу-дуу кептер дагы деле тарай элек. Кечээ гана аталган министрликте катардагы бөлүм башчы министрдин орун басары болуп Кыйтага бармак болгону аныкталган. Ал эми бул чуунун аягы тыйыла элек жатып   министр Чодуев алдамчалыкка айыпталууда.   

Жалал-Абаддагы “Коттон Оушен” компаниясынын директорунун милдетин аткаруучу Замира Ибрагимова айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев алдамчылык жол менен бир миллион АКШ доллар акчаны өзүнө кымырып алганын айтып чыкты.

 “Мен бул министрдин алдамчылык амалына кабылгам. 2007-жылы аталган компаниянын директору Эркинбек Чодуевге пахта даярдоо үчүн 1 миллион 500 миң доллар акча берген. Анда Чодуев “Лиматекс пахта корпорациясынын” директору болгон. Келишимдеги милдеттер аткарылбай Чодуев акчаны кайтарып берген эмес«, — деп билдирген ал.

Ал ошондой эле учурда иш кайра каралып баштаганын билдирди.

“Биздин бир катар кайрылууларыбыздан соң, ишти Ички иштер министрлигинин Башкы Тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Учурда бухгалтериядан тийиштүү документтер алынып, тергөө иш чаралары жүрүүдө”, — деп кошумчалайт Замира Ибрагимова.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *