Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканадан качып кеткен бала кармалды

  Мезгил

Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканадан качып кеткен 20 жаштагы бейтап кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой,  1999-жылы туулган Азамат Токушевди мурунку дарыланып жаткан ооруканага өткөрүп беришти.

Эске салсак,  ал 26-июлда саат 22:00 чамасында аталган ооруканадан качып кеткен. Ал 2018-жылы Сокулук райондук сотунун чечими менен Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканага милдеттүү дарылануу үчүн жиберилген.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *