Чыныбай Турсунбеков: Эмне, банкта акча силер текшерсин деп сакталабы?

Мезгил

Мамлекеттик чалгындоо кызматынын банк ячейкаларын текшерүү аракети Кыргызстандан ири көлөмдөгү каражаттын чыгарылып кетишине алып келди. Бул тууралуу бүгүн Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү мамлекеттик чалгындоо кызматы мындан ары дагы банк кутуларын текшерер-текшербесине кызыгып, дүйнөдө коррупцияга каршы башкача жолдор аркылуу күрөшөрүн кошумчалады.

-Мамчалгындын банк ячейкаларын текшерүү аракети Кыргызстандан ири көлөмдөгү каражаттын чыгарылып кетишине алып келди. Эмне, банкта акча силер текшерсин деп сакталабы? Силер мындай ойлонулбаган кадамыӊар менен инвесторлорду чочуп койдуӊар, эми алардын келер-келбеси арсар. Минтип отурсаӊар өлкөнүн өнөгүшү кыйын. Дүйнөдө коррупцияга каршы башкача жолдор аркылуу күрөшөт, – деди эл өкүлү.

Буга чейин Кыргыз өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызматтын коммерциялык банктардан бардык кардарлардын эсептери жана уячалары тууралуу маалымат берүүнү талап кылып жатканы ачыкка чыккан.

Тактап айтканда 2018-жылы 10-декабрь күнү интернетке Финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Гуламжан Анарбаевдин “өтө маанилүү” деген белгиси коюлган, 10-декабрда жазылганы көрсөтүлгөн, коммерциялык банктарга жиберилгени кабарланган каты жарыяланган.  Документте “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамды аткарууга байланыштуу 17-декабрга чейин бардык кардарлардын эсептери жана уячалары тууралуу маалымат берүү талабы коюлган.

Аталган орган муну террорчулукка жана арам акчаны адалдоого каршы мыйзамды ишке ашыруу аракети менен негиздеген. Бирок банк тармагы боюнча экcперттер Финчалгындоо кызматынын талабын мыйзамсыз деп эсептешерин айтып чыгышкан.

Ал эми Жогорку Кеӊештин депутаты Иса Өмүркулов аталган кызматтын бул кадамын чыккынчылык деп баалаган.

– Финансылык чалгын кызматы бардык банктарга кат жазып жибериптир, ушундай кийин келем деп аткан инвестор да эми келеби? Ошондой адистин өлкөгө, мамлекетке кереги барбы? Ал чыккынчы. Мыйзамды билбейт, бүгүнкү шартты билбейт. Ар бир адис эртең менен тура калып эле ушинте берсе эмне болобуз?- деген Өмүркулов.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *