Чыныбай Турсунбековдун санап бүткүс байлыгы

 Мезгил

Эл өкүлү Чыныбай Турсунбековду “итке минген кедей” десе эч ким ишенбейт. Университеттин тилфагында мугалим болуп жүрүп, кийин Туркияга элчиликке иштегени барып, ал жактан түрк байлары менен алака түзүп, багы ачылып кеткен. Алардын жардамы менен Кыргызстанга кайтып келген Чыке заматта жомоктогудай “Чык татырбас Чынарбайга” айланып чыга келет. Ошол мурдагы мугалим Чыкебиз өз декларациясында 6 компаниясын жашырып койгон, анын үчөөсүндө чет элдик жарандардын кош ээлиги катталган.

Чыке толтурган декларациядан

2015-2017-жылдары депутат 41 млн 185 миң 188 сом иштеп тапкан, ал эми жакын туугандары – 122 млн 367 миң 981 сом тапкан.

Анын ичинен 2015-жылы Турсунбеков 889 миң 686 сом иштеп тапкан. Мүлкүндө – 35 чарчы метрден 214 чейинки 6 батир, ошондой эле жашабай турган 418 чарчы метр турак жай, ар бири 22 чарчы метрден болгон 4 гараж, ошондой эле 2 гектар жер тилкеси көрсөтүлгөн. Башка мүлктөрүнөн – “Мерседес Бенц 313 CDI”, “V=2148 Д” кичиавтобусу катталган.

Жакын туугандары ошол эле жылы 100 млн 902 миң 713 сом иштеп тапкан. Ошондой эле төмөнкү мүлктөрү жазып көрсөтүлгөн:

  1. Үй – 360м2;
  2. Батир – 97м2;
  3. Киши жашабаган турак жай – 432м2;
  4. Жер тилкеси – 0 га;
  5. Киши жашабаган турак жай – 83м2;
  6. Үй – 81м2;
  7. Үй – 374м2;
  8. Үй – 109м2;
  9. Жер тилкеси – 6га;
  10. Жер тилкеси – 3га;
  11. Жер тилкеси – 3га;
  12. Батир – 33м2;
  13. Батир – 238м2;
  14. Батир – 316м2;
  15. Батир – 200м2;
  16. Бүтпөгөн объект – 338м2.

Жакындарынын башка мүлктөрү да бар – “Лексус 570” 2013-ж.ч., V=5700 куб жана “Мереседес МЕ-350” 2006-ж.ч., V=3,5. автоунаалары.

2016-жылы Чыныбай Турсунбековдун кирешеси 974 миң 684 сомго жеткен. Ошол эле жылы жакын туугандарыныкы кыйла азайып, 18 млн 918 миң 244 сомду түзгөн. Биринчи жолу чыгым – 1 млн 725 миң сомду түзүп олтурат.

Депутаттын мүлкү жөнүндө маалыматтар өзгөргөн эмес, туугандарында 0,1 гектар жер тилкеси жана 2016-жылы чыккан “Тойота РАВ 4” V=2,5 автоунаасы кошулган.

2017-жылдагы декларациясында депутаттын кирешеси 39 млн 320 миң 818 сомго (!) жетип олтурат. Ошол эле учурда туугандарынын иштеп тапканы 2 млн 547 миң сомго азайган.

Мүлктөрүнөн 156, 181 жана 214 чарчы метр 3 батири, 22 чарчы метр 4 гаражы көрсөтүлгөн.

Жакындарынын төмөнкү мүлктөрүү келтирилген:

  1. Үй – 360м2;
  2. Батир – 97м2;
  3. Башка конструкциялар – 432м2жогоруда көрсөтүлбөгөн;
  4. Айыл-чарба багытында эмес жерлер – 0га;
  5. Башка конструкциялар – 83м2жогоруда көрсөтүлбөгөн;
  6. Үй – 81м2;
  7. Үй – 374м2;
  8. Үй – 109м2;
  9. Айыл-чарбасына ылайыктуу эмес жерлер – 9 га;
  10. Батир – 238м2;
  11. Айыл-чарбасына ылайыктуу жерлер – 0;
  12. Үй – 316м2;
  13. Үй – 200м2;
  14. Бүтпөгөн курулуш объектилери – 338м2.

Башка мүлктөрүнөн “Лексус-570” жана “Мерседес МЕ-350” жок болуп, 2016-жылы чыккан “Тойота РАВ4” автоунаасы пайда болгон.

Чыныбай Турсунбековдун атындагы бизнес

КРнын Юстиция министрлигинин ачык базасында жана “OsOO.kg” сервисинде депуттатын 6 компания менен бир кооперативге тиешеси бар экени ажазылган. Мындан тышкары Турсунбеков 4 фирманын жетекчиси, үчөөндө чет элдиктер кош ээлик кылат. Ошентип Чыныбай Турсунбековдун төмөнкү компанияларда үлүшү бар болгон:

Чет элдиктер кош ээлик кылган «Акун Курулуш» ЖЧКсы. Ишмердүүлүгү: башка топторго кирбеген ар кандай курулуш-монтаж иштери. Компания 1998-жылы негизделген, депутат менен кош ээ катары – «Оркимсен Кимья Санайи Ве Тиджарет Лимитед Шти» фирмасы көрсөтүлгөн.

Чет элдик жаран кош ээлик кылган «АКТЕК-КУРУЛУШ» ЖЧКсы. Ишмердүүлүгү: киши жашай турган жана жашабай турган турак жайларды куруу. 2006-жылы кайра каттоодон өткөн. Ээлери: Турсунбеков Чыныбай Акунович, Харут Али Ильяс жана Сыдыков Руслан Алымухамбетович. Фирманын жетекчиси – Чыныбай Турсунбеков.

Кыргыз-Түрк биргелешкен “Алчын” ЖЧКсы. Ишмердүүлүгү: товар салынуучу желим идиштерди чыгаруу. Фирма 2001-жылы каттоодон өткөн. Ээлери – Али Хаджи Алиоглу, Турсунбеков Чыныбай Акунович, Абдразакова Кулбаара Аскаровна жана Коңурбаев Мирлан Алиаскарович. Жетекчиси – Чыныбай Турсунбеков.

«Акун-Агро» ЖЧКсы – негизги ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн эмес. 2001-жылы кайра каттоодон өткөн. Ээлик кылган «Альтаир» чарбасы өз ишин токтоткон. Дагы бир ээси – «Акун» ЖЧКсы, жетекчиси – Турсунбеков.

«Асаба» саясый-коомдук гезититин редакциясы ЖЧКсы. ЖЧК 2001-жылы катталган. Депутат кош ээси болуп саналат. Жетекчиси – Медералиев Жумабек.

«Геракл» ЖЧКсы. Ишкердиктин түрү: Ар түрдүү спорт ишмердүүлүгү. Үч ээси бар – депутаттын өзү, Өмүрова Назира Кыязовна жана Койчиева Венера Капаевна. Компания 2002-жылы катталган. Жетекчиси – Койчиева Венера Капаевна.

«Жийде-Бак» үрөөн кооперативи. Дан өсүмдүктөрүн (күрүч менен кара күрүчтөн башкасын) өстүрөт. Ал 2002-жылы катталган. Чыныбай Турсунбеков кош ээлик кылат. Жетекчиси – Эшимбеков Алязкар Салбарович.

Депутатка тиешелүү ишканалардын төлөгөн салыктары

“Ачык бюджет” порталынын маалыматына ылайык, «АКТЕК-КУРУЛУШ» 2011-жылдын 5-мартынан 2018-жылдын 7-мартына чейин мамлкетке 165 миң 589 сом төккөн. Ал эми «Акун Курулуш» ЖЧКсы, «АЛЧЫН» ЖЧКсы тууралуу маалымат жок.

Дагы үч фирма – «Акун-Агро», «Асаба» гезити, “Геракл” ЖЧКлары, ошондой эле “Жийде-Бак” үрөөн кооперативинин да салык боюнча маалыматтары жок болуп чыкты.

Мыйзамчы Чыкенин мыйзамды бузганы

Депутатар мыйзам чыгарып жаткан соң, мыйзамдар менен эрежелерди кынтыксыз аткарууга милдеттүү. Бирок практика жүзүндө Кыргызстанда андай болбой келет.

“КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын макамы жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесинде мындай жазылган: “Парламенттин депутаты бир эле учурда мамлекеттик же муниципалдык кызматта боло албайт, ишкердик менен алектене албайт, кооммерциялык уюмдун жетекчилик органынын жана байкоочу кеңешинин курамында боло албайт”.

Ошондой эле ЖК депуттары башкаруу органдарынын, байкоочу кеңештердин, КРнын аймагында башка чет элдик коммерциялык эмес уюмдарынын курамына кире албайт.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

One Comment on “Чыныбай Турсунбековдун санап бүткүс байлыгы”

  1. “Кош ээси,” жана “ээси” ал орусча айткандай “соучредитель- учредитель”бы? Анда депутат боло берет, бирок башка кишилерге доверительное управлениеге берип коюш керек.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *