Чыпалак баатыр: Ситора карындаш, алдагындай “чорт” кыялыңды элдин көзүнчө көрсөтпөй жүр (видео)

Мезгил

   Коомчулукка “Чыпалак баатыр” каймана аты менен таанымал Зарылбек Аликенов Өзбекстандык ырчы, актриса Ситора Фармонвага кайрылып “Ситора карындаш, алдагындай чорт кыялыңды элдин көзүнчө көрсөтпө” деди.

Ситора карындаш, эмнеге өткөндө Алматыда башкалар чыкканда баспайсыңдагы  анан мен чыкканда эле Гүлнур Сатылганова эжемдикин кызылды базасың. Ошондой болмок беле, мындан кийин андай концертиңди таштар жүргүнүң. Адамгерчиликтүү болуп бир бири-бирибизди сыйлашпайлыбы. Бул жакта кыргыздардын баары сени жаман көрүп жатат.  Элдин баары эле мени жакшы аткардың деп айтып атышат. Гүлнур эжеге рахмат, менин талантымды баалады. Жүрөгү кыргыз деп согот экен. Ситора алдагындай чорт кыялыңды элдин көзүнчө көрсөтпө. Кантсе да миллиондогон көрүүчүлөр көрүп жатат- дейт Чыпалак баатыр.

Белгилей кетсек, буга чейин Чыпалак баатыр Казакстандын Алматы шаарында өткөн  “Central Asia Got Talent” сынагына катышып өнөрүн тартуулаган. Бул учурда калыстар тобунда отурган Өзбекстандык ырчы Ситора Чыпалак баатыр өнөрүн көрсөтүп жатканда  оюнду токтотууну талап кылып “жок” деген 3 кызыл баскыч басылган соң,  жанында отурган КРнын  Эл артисти Гүлнур Сатылганованын атынан да  кызыл баскычты баскан. Бул коомчулукта талкууга алынып, Ситоранын кылыгына нааразы болушууда. 

 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *